Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоо тууралуу сүйлөдү.
"Быйыл парламенттик шайлоо жылы. Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот. Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт. Бул иш парламенттеги фракциялардын да саясатка алагды болуусун шарттайт. Мындай учурда элди алаксыткан популисттик кадамдар көбөйөт. Мыйзам чыгаруу иши солгундайт. Ошондуктан депутаттарга кайрылам, азыр парламенттин кароосунда өлкөнүн экономикасы үчүн мамлекеттин, элдин турмушуна зарыл болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлору бар. Бул мыйзамдарды кечиктирбей кабыл алуу керектигин эсиңерге салам", - дейт ал.