Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы 5 жылда Кыргыз мамлекетинин бардык аймактары, таза суу менен камсыз боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүнкү күнү эл аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлүп, бардыгы болуп 33 миллиард сомдук финансылык булактар аныкталды. Инвесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөр уланат. Негизинен гранттык элементтери менен узак мөөнөттүү кредит тартып жатабыз. Бюджеттен да каражат каралууда. Таза суу - бул калкыбыздын ден соолугу, улуттун саламаттыгы. Таза суу болбосо, өнүгүү болбойт. Ирригация программасын ишке ашырууга өзгөчө маани берип жатабыз. Бул бекеринен эмес. Анткени бул маселе өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасир тийгизет. Ирригация деген - бул жумушчу орундар, жаңы сугат жерлер", - дейт мамлекет башчы.