"8 миллион сомдой каражат алган". Бишкекте "Некст Строй" компаниясынын өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте "Некст Строй" жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү 7 миллион 900 миң сом акча алганга шектелип кармалды. Маалыматты бүгүн, 20-февралда Финполдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, учурда шектүү делинген Т. Шерматов СИЗО-1ге киргизилди.

"Т. Шерматов "Некст Строй" ишканасынын кызматкери болуп турганда, 2018-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу "Жеңиш" сейил багын реконструкциялоо үчүн аталган аймактын айыл өкмөт башчысы менен келишим түзгөн. Анда Т. Шерматов сейил бакты оңдоп-түзөөнү убадалап, ага 26 миллион 663 миң сом сарпталат деп 7 миллион 900 миң сом акча алган. Каражатты алгандан кийин ал убадасын аткарбай качып жүргөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жерин аныктоо мүмкүн болгон эмес. Мындан улам аны сыртынан кылмышка шектүү деп жарыялап, камакка алып, издөө жарыяланган. 15-февралда Финполдун жана ИИМдин кызматкерлери шектүү делинген жаранды колго түшүрүшкөн.

17-февралда Биринчи Май райондук соту тарабынан шектүүнү 2 айга камакка алуу чечими чыкты", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-02-20 15:32:04
Камап эле тим болбой эки үч эсе төлөтүү керек,түрмөдө элди эсебинен багып отура бербей. Камалганды айтышат канча акча өндүрүштү айтышпайт.
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-20 17:00:16
2эле айбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан