"Ош электр" ишканасынын кызматкерлери пара менен кармалды

"Ош электр" ишканасынын кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү УКМКнын кызматкерлери Ош шаарында жана Ош облусундагы энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында иш-чара жүргүзгөн.

Анын негизинде Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана "Ош электрди" текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2020-02-20 15:27:27
Коррупционерлердин орду түрмөдө.
+1
Ananaska
2020-02-21 10:35:52
Согуш жарыялап эле тим болуптурго начальник мн замына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан