Ош шаарында мончодон кеч чыккандыгы үчүн жубайын унаа менен сүзүп, сүйрөткөн жарандын баш коргоо чарасы каралды. Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечим бүгүн, 20-февралда чыккан.
"Бөгөт коюу чарасын тандоодо судья айыпталуучунун оор кылмыш жасагандыгына карабастан анын аты-жөнүн аныктаганда туруктуу жашаган жеринин, карамагында 3 кичине баласынын бардыгын жана үй-бүлөсүн жалгыз багуучу экендигин эске алып жогорудагыдай токтомду кабыл алды. Мындан сырткары жабырлануучу аялдан тосмо арыз келип түшкөн. Арызда бул иш үй-бүлөнүн макулдугусуз массалык маалымат каражаттарында тарап кеткендигин, жолдошунун үй-бүлөдө жакшы ата экендигин, айыпталуучунун үй камагына чыгарып берүүсүн суранган өтүнүчү жазылган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 17-февраль күнү кечинде орун алган. Жабырлануучунун айтымында, ал мончодо курбулары менен кармалып калган. Чыкса жолдошу кызганып унаа менен сүзүп, жыгылып калганда өтүп кетип, кайрылып келип колунан кармап, унаа менен кошо жүгүрткөн. Жубайы кулап калганда 4-5 метрге чейин унаа менен сүйрөп кеткен. Жабырлануучу 45, ал эми жолдошу 43 жашта. Экөө тең Кара-Суу районунун тургундары.