Чүйдө диний-экстремисттик материалдарды даярдап, аны жайылтып жүргөнгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Кылмышка шектүүнүн үйүнөн китептер, кагаздар, блокноттор, тетраддар, ноутбук жана курал-жарак алынган.
Маалым болгондой, январь айынын соңунда Аламүдүн РИИБине жергиликтүү тургундардын биринде тыюу салынган диний-экстремисттик окуу куралдары бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 315-берене (экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери Пригородный айылындагы үйлөрдү тинтүүгө алышкан. Анын жүрүшүндө мурда соттолгон 45 жаштагы И.Р. аттуу жарандын үйүнөн экстремисттик материалдар, "Хизбут-Тахрир" деген жазуусу бар желек, Юнкер, Леворвер РС-3 тапанчалары жана 9 даана бычак алынган.
Бул иш боюнча тешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдиришти маалымат кызматынан.