Бишкекте гипермаркеттен коньяк уурдады делген шектүү эки айга камакка алынган. Ленин РИИБи шектүү тууралуу кошумча маалымат таратты

Бишкекте гипермаркеттен коньяк уурдаган жаран кармалып, эки айга камакка алынган. Кечээ, 20-февралда Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан бул окуя боюнча кошумча маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, шектүү жарандын үстүнөн дагы 6 жаран арыз жазган.

"6 жарандын жазган арызында шектүү башка дагы гипермаркеттерден кымбат коньяктарды уурдаган. Анда жалпы чыгым 73 миң 513 сомду түзгөн. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө шектүү мурда төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

17-февралда Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 14:30 чамасында белгисиз жаран 13 миң сомдук коньякты уурдап кеткени жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаранды кармашкан. Анын баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asman779
2020-02-21 09:24:27
Албетте бул баланын кылганы туура эмес, бирок биздин жегичтер миллиондорду жеп уй камагында же кылмыш иши козголбой журуп суу кечип качып кетишет. Мыйзамдын колунда жокторго алы жетет
+4
Nurmat8921
2020-02-21 10:23:48
Сабыр кылабыз сразу 10 жылга кесиберсе деле жарашат биздин сот органдарына
+1
satyke
2020-02-21 11:33:01
Мамлекеттин казынасына кол салып,чон суммада зыян келтиргенине байланыштуу туугандарынын жана озунун уй-мулку конфискацияланып,омур бою эркинен ажыратылсын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан