Депутат: "Ата-энеси жок балдарга 18 жаштан кийин дагы көңүл буруу керек"

Депутат Бактыбек Райымкулов ата-энеси жок балдарга 18 жаштан кийин дагы көңүл буруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда "Республика - Ата-Журт" фракциясынын жыйынында билдирди.

"Ата-энеси жок балдарга көңүл буруу керек. Ал 18 жаштан өтсө дагы алардын жашоосу тууралуу маалымат алуу шарт. Алар жумуш менен камсыз болуштубу, турак жай маселеси кандай болуп жатат? Паспортту интернатта жашаганда алат да. Алмаштырганда алар паспортту кайдан алышат?", - деп сурады депутат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бул маселенин үстүндө иштеп жатканын айтты. Ал бул боюнча тапшырма коюлганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан