Депутат Таабалды Тиллаев фракциянын кийинки жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-февралда "Республика-Ата-Журт" фракциянын жыйынында билдирди.
"Фракциянын кийинки жыйынына Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылам" дейт депутат.
Фракция лидери Жыргалбек Турускулов: "Эмки фракция жыйынында Чүй облусунда жазгы талаа жумуштарына карата даярдык боюнча көчмө жыйын өткөрүүнү пландап жатабыз. Андан кийинки жыйында карайлы", - деди депутат.
Учурда Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан коргоо жаатында мыйзамдарынын аткарылышы жөнүндө маселе каралып жатат.