"Күттүм, ай" ыры менен белгилүү болгон ырчы Жонни күткөн адамын тапты. Ырчы мырза менен байланышканыбызда ал сүйүктүүсүнө жакында эле сөйкө салганын айтып, буларга токтолду.
"Болочоктогу жубайымдын аты Айжан, жашы 20да. Жерлиги Жалал-Абаддан болот, бирок шаарда чоңойгон. Экөөбүз 2018-жылы таанышканбыз. Анда "Мария" деген чыгармама клип тарталы деп башкы каармандын ролуна кыз издегенбиз. Ошондо досторум Айжанды сунуштап, клипке тартылууга ылайыктуу дешкенинен Инстаграмдан сүрөттөрүн карап чыктым. Чындап эле татынакай, клиптин көркүн ача турган кыз экен. Жеке кат аркылуу байланышып, клипке тартылууну сунуштасам макул болду. Бирок ата-энеси каршы болуп койгондуктан, кайра баш тартты. Ошентип клипке башка кыз тартылып калды. Ал эми Айжан экөөбүз дос катары сүйлөшүп, кабар алышып турдук. 2019-жылдын жай мезгилинен тарта кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык.
Айжан тарбиясы, мүнөзү, сулуулугу менен жакты. Жакында эле ата-энелерибизди тааныштырып, сөйкө салуу каадасын кылдык. Буюрса, күзүндө үлпөт тоюбуз болот", - дейт ырчы.
Жоннинин сүйүктүүсү Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде билим алат. Буга чейин бий тобунда бийлеп келген, ырдаганга шыгы бар экенин кошумчалады ырчы мырза.