Актёр Амантур Мусаев ыр жаздырды

Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрынын актёру Амантур Мусаев Чубак Сатаевдин "Жаштарга" деген ырын Нурхат аттуу жигит менен дуэт кылып аткарып чыкты. Актёр SUPER.KG порталына актёрлук негизги кесиби болуп кала берерин, кээде гана ырчылыкка кайрылып, ыр жаздырып турарын айтты.

"Актёрлордун баары эле негизи театралдык концерттерде ырдайбыз. Жакында Нурзат аттуу куудул досум экөөбүз Таласка концерт уюштурганбыз. Концерттик программанын негизинде ыр жаздырып, элге тартуу кылалы деп Чубак Сатаевдин, Гүлжигит Сатыбековдун бирден ырларын аткарып чыктык. А бирок негизги кесибим актёр боюнча кала берет. Кээде эл кыдырып гастролго чыкканда аткарганга айрым ырларды жаздырып турам", - дейт Амантур Мусаев.

Эске салсак, Амантур Мусаев "Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш", "Миллиондук мелдеш-2", "Поларис шооласы" тасмаларына тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Petrovka
2020-02-22 00:09:45
Нурхат. Нурзат???
0
Margana93
2020-02-22 15:14:22
Нурхат пирамидада иштейт эле соонун алып барат
0
gitaris93
2020-03-05 23:57:26
Ушу сен жөн эле койбопсуң да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан