Бишкекте патрулдук милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында Байтик-Баатыр көчөсү менен М.Горький көчөсүнүн кесилишинен патрулдук милициянын “Рено Логан” үлгүсүндөгү автоунаасы менен “Фольсваген- Пассат” үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүштү. Натыйжада эки унаа тең айып токтотуучу короо жайга токтотулуп, тийиштүү техникалык экспертиза дайындалды. Жабыркагандар жок.