Бүгүн, 22-февралда "Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаардык конференциясы өттү.
Анда "Ата Мекен" фракциясынан депутаттар Айсулуу Мамашова, Наталья Никитенко, Садык Шер-Нияз, КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков жана аталган партиянын мүчөлөрү сөз сүйлөштү. Ошону менен катар эле партиянын лидери Өмүрбек Текебаев дагы сүйлөдү. "Быйыл Апрель окуясынын 10 жылдыгы. Мамлекет дагы бул окуяны белгилеп жатат. Биздин алдыбызда төмөндөгүдөй суроолор турат. 2010-жылдагы революция максатына жеттиби, кыялдарыбыз орундалдыбы? Ушул суроолорго жооп беришибиз керек", - дейт Текебаев.