Бишкекте жол кырсыгы катталып, он адам жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү болжол менен саат 08:10 чамасында 1993-жылы туулган А.Т. аттуу айдоочу Мазда Демио үлгүсүндөгү унаасы менен Калык Акиев көчөсүндө түштүк багытка бара жатып, Москва көчөсүнүн кесилишинен Mercedes-Benz Sprinter унаасы менен кагылышкан.
Mercedes-Benz Sprinter унаасын 1966-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Натыйжада 10 жаран жабыркап, бешөө Улуттук госпиталга, бешөө Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылган. Азыркы учурда бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.