Жабырлануучулар бар. Сокулукта 4 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды

Чүй облусунун Новопавловка айылында 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсык 23-февралда саат 22:40 чамасында орун алганын республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

"Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда, тагыраагы, Новопавловка айылында Лексус 470, БМВ, Тойота Камри жана Хонда Цивик унааларынын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. 4 унаа тең айып аянтчасына токтотулду", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан