Орусиянын "мажору" эми бойдок

Орусиялык популярдуу "Мажор" телесериалында мажордун ролун жараткан актёр Павел Прилучный жубайы менен 9 жыл жашаган соң ажырашты. Бул тууралуу актёр социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Достор, биз дайыма сиздер менен жакшылыктарыбызды бөлүшүп турчубуз. Жеке жашообуз тууралуу да чындыктык айтып келгенбиз. Биздин сүйүү баяныбыз кооз боюнча калышы үчүн аны өз убагында токтотуу керек. Биз расмий түрдө мамилебизди токтотуу чечимине келдик. Ошол эле учурда бири-бирибизге жакын адам болуп кала бермекчибиз жана балдарыбызды мурункудай же андан да артык жакшы көрө беребиз", - деп жазган актёр.

Орусиянын "мажору" атыккан Павел Прилучный жубайы Агата Муцениеце менен "Жабык мектеп" тасмасына тартылуу учурунда таанышкан. Экөө 2011-жылы баш кошушкан, ортосунда бир уул, бир кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
I.m.Nuraly
2020-02-25 01:57:35
Екоонорго не жетпеди экен.? Жакшынакай балдарынар бар экен!
+5
aiba_00
2020-02-25 14:40:05
I.m.Nuraly, Суйуулору бутуп калган го.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-25 12:36:52
Ушундай сулуу аялды да таштайбы?
+1
Gospozhatsetok
2020-02-25 19:19:28
Baktyluu_bolgum_kelet,
Бактылуулук чынында эч кандай сулуулукту талап кылбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан