Кытайдан чыгып, бир нече өлкөгө 2 ай ичинде жайылып кеткен коронавирус Кыргыз элин чочутуп турган чак. Бүгүн, 24-февралга карата Кытайда бул илдеттен 2 миң 470 адам каза болгону маалымдалды. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Италияда да коронавирус өмүрүн алып кеткендер болуп жатат.
Кыргыз өкмөтү болсо чочулоого негиз жок дегени менен коомду шек саноого түрткөн абалдар жаралууда. Буга мисал болчу жагдайдын бири - Япониядагы "Diamond Princess" круиздик лайнеринде Кыргыз жараны да коронавируска кабылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул боюнча ооз ачкан эмес болчу. Качан гана журналисттер ТИМден кабарды тактай баштаганда, алар Япониядагы Кыргыз жараны менен байланышта болуп турушканын билдиришти.
Өткөн аптанын аягында болсо журналисттердин бири Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кытайлык кыз дене табы көтөрүлүп, тамагы ириңдеп жеткирилгенин жазды. Андан кийин журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, бул кабардын чын-төгүнүн сурап башташканда гана министрлик ал кызда коронавирус жок экендигин билдирип, ооруканадан чыгарылганын айткан. Кытай баштаган бир топ өлкөлөр болсо элди дүрбөлөңгө салган, бирок ошол эле учурда коомчулук үчүн керектүү болгон бул оору тууралуу маалыматтарды саат санап жаңылап жатат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коронавируска каршы күрөшүү жана бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүн тийиштүү мекемелери коомчулукка кеч жеткирип жатат. Коомчулукка кооптуу болуп турган оору боюнча министрликтин ишин жетиштүү деп санайсызбы?" деген собол салды.
Суроого Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берип, маалымат жетишсиз болсо жарандардын ичинде кооптонуу, чочулоо, шек саноо күч алат деген оюн айтты.
"Тиешелүү маалыматтардын жарандарга жетпей жатканы - министрликтин эле катасы болуп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө карантинде канча адам бар, алардын абалы кандай, бир күндө же бир аптада Кытайдан канча жаран келди, эл арасында айтылып жаткан сөздүн кайсынысы чын, кайсынысы төгүн деген маалыматтын баарын берип турушу керек болчу. Мындан тышкары Япониядагы лайнерде оору жуктурган делген жаран жөнүндөгү дагы маалыматтарды бат-баттан жаңылап берип туруу зарыл эле. Бүгүнкү күндө кайсы маалымат каражатты ачпайлы, ушул оору жөнүндө маалыматтарды күн санап эмес, саат санап жаңылап, жаңы абалдар тууралуу берип жатышат. Маалыматтарды бат-баттан жаңылап, абалды дароо элге таратып туруу менен министрлик эл арасындагы чочулоо, тынчсыздануунун алдын алат", - деди Мамашова.