Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "Аэропорттон чет элдиктер, анын ичинде Кытай жарандарынын агылып эле келип жатышканын көрдүм". КҮНСОБОЛ

Кытайдан чыгып, бир нече өлкөгө 2 ай ичинде жайылып кеткен коронавирус Кыргыз элин чочутуп турган чак. Бүгүн, 24-февралга карата Кытайда бул илдеттен 2 миң 470 адам каза болгону маалымдалды. Мындан тышкары Япония, Түштүк Корея, Италияда да коронавирус өмүрүн алып кеткендер болуп жатат.

Кыргыз өкмөтү болсо чочулоого негиз жок дегени менен коомду шек саноого түрткөн абалдар жаралууда. Буга мисал болчу жагдайдын бири - Япониядагы "Diamond Princess" круиздик лайнеринде Кыргыз жараны да коронавируска кабылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Ага чейин Тышкы иштер министрлиги да, өкмөт да бул боюнча ооз ачкан эмес болчу. Качан гана журналисттер ТИМден кабарды тактай баштаганда, алар Япониядагы Кыргыз жараны менен байланышта болуп турушканын билдиришти.

Өткөн аптанын аягында болсо журналисттердин бири Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кытайлык кыз дене табы көтөрүлүп, тамагы ириңдеп жеткирилгенин жазды. Андан кийин журналисттер Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышып, бул кабардын чын-төгүнүн сурап башташканда гана министрлик ал кызда коронавирус жок экендигин билдирип, ооруканадан чыгарылганын айткан. Кытай баштаган бир топ өлкөлөр болсо элди дүрбөлөңгө салган, бирок ошол эле учурда коомчулук үчүн керектүү болгон бул оору тууралуу маалыматтарды саат санап жаңылап жатат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Коронавируска каршы күрөшүү жана бул илдетти жуктуруп алышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өкмөттүн тийиштүү мекемелери коомчулукка кеч жеткирип жатат. Коомчулукка кооптуу болуп турган оору боюнча министрликтин ишин жетиштүү деп санайсызбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин бүгүнкү жасап жаткан ишин эң начар, керек болсо алар кылмыш ишин жасап жатат деп баалай турганын билдирди.

"Коронавирустун очогу өткөн жылдын декабрь айында Кытайда башталганы баарыбызга белгилүү. Андан бери 2 айдан ашып калды. Азыркы учурда бул коркунучтуу вирус бүт дүйнө жүзүн кооптуу абалга алып келди. Мисалы, Кытай жана башка бир топ өлкөлөрдө коркунучтуу сандар катталып жатат. Бирок менин таң калганым, Кыргыз өлкөсүндө дегеле эч нерсе болбогондой жүрөбүз.

Мисалы, мен кечээ аэропортто болдум, анда чет элдиктер, анын ичинде Кытай жарандары эч нерсе болбогондой эле агылып келип жатышат. Аны текшерген деле эч ким жок экенин байкадым. Мына ушул көрүнүш жана фактыларды көрүп туруп биздин өкмөт эмне үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп, өлкөнү карантинге койбойт деген суроо жаралат. Биздин мамлекетте санэпидемстанциянын абалы кандай экени баарыбызга белгилүү. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер биздин өлкөгө эпидемия тарай турган болсо, анда жаман болот. Анткени биз эң алсыз өлкөбүз. Ошондуктан мен Саламаттыкты сактоо министрлигин бүгүнкү жасап жаткан ишин эң начар, керек болсо алар кылмыш ишин жасап жатат деп баалайм. Мен элге эч кайдыгер карай албайм. Аэропорттон Кытай жарандарын көрүп, аркы-беркиден тынчсызданып сурадым. Ошон үчүн коронавирус боюнча коопсуздук кеңешин өткөрүп, чек араны жабуу керек. Бизде башка эпидемияны алдын ала турган жол дагы, каражат дагы жок", - деди Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан