Кадамжайда 65 жаштагы киши аялына кокусунан бычак шилтеп жиберген

Баткен облусунун Кадамжай шаарында күйөөсү аялына бычак шилтеп жиберген. Учурда жабырлануучу Кадамжай шаарындагы ооруканада деп билдирет Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы.

"Окуя 20-февраль күнү саат 18:00 чамасында орун алган. Анда Кадамжай шаарынын 65 жаштагы тургуну менен аялынын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Күйөөсү колундагы иштетип жаткан бычагын кокусунан шилтегенде, аялдын сол жак бөйрөгүнүн үстүнө сайылып кеткен. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 139-берене (денеге анча эмес оор залал келтирүү) менен катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zamir_kgz
2020-02-25 07:13:09
Катын тилинен кеткен го менимче, уй-булосуно тынччылык кут береке берсин.
-1
GUL2016
2020-02-25 08:39:42
zamir_kgz,Катын тилинен кетиптир деп эле бычак шилтей бериш керекпи. Тил болгондон кийин суйлойтда анын да дартыны сыртка чыгаргысы келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан