Таласта 14 жаштагы өспүрүм селкинчек тээп жатып каза болду

Талас облусунун Орто-Арык айылында 14 жаштагы өспүрүм селкинчек тээп жатып каза болду. Окуя 19-февралда күндүз орун алганын Талас ОИИБинин маалымат катчысы билдирет.

"2006-жылы туулган өспүрүм 7-класстын окуучусу болгон. Ал короосундагы аркандан жасалган селкинчекти тээп жатып, арканга оролуп калган. Маркум 3-топтогу майып болгондуктан, өзүн-өзү куткара албай калган. Бул окуя кокустук болгондуктан ата-энеси эч кимге доосу жок экенин билдиришип, тергөөдөн баш тартышты. Мындан улам экспертизалар дайындалган жок", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан