Бишкекте мас абалында унаа башкарып, каршы тилкедеги транспорт каражаттарына тоскоолдук жараткан айдоочу кармалды. Окуя бүгүн, 24-февралда Донецкий менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Маалыматты патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирди.
"Болжол менен саат 14:40 чамасында нөөмөт бөлүмгө Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкарып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, мас абалында унаа башкарган айдоочуну тапкан эмес. Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу 12-кичи райондон кармалды.
Тергөө учурунда айдоочу 6-кичи райондон Степ Вагон үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткендиги аныкталды.
Бул факт боюнча айдоочуга карата 127-берененин (жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) жана 128-берене (транспорт каражатын мас абалында айдоо) менен протокол түзүлүп, жалпысынан 24 миң сом айып салынды. Унаа айып аянтчасына токтотулду", - деди маалымат катчы.