Жалал-Абадда 1 килограммга жакын баңги затын алып жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абдда 791 грамм баңги затын алып жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган жаран ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү.

"Февраль айынын ортосунда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1965-жылы туулган М.К. аттуу жаран кармалып, андан 791 грамм салмактагы гашиш алынды. Баңги заттары 30 даана төрт бурчтуу калыпка салынган. Учурда аталган факты боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан