Баңги затын жайылтуу менен алектенип келген шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда кызматкерлер Токтогул районунда баңги заттарды жеткирүү жолун тапкан топту кармаган.
"Бишкекте февраль айында топту уюштурган адам кармалып, анын жанынан 2 килограмм 150 грамм гашиш табылган. Ал баңги затты Бишкекке жана Чүйгө алып келип сатууну көздөгөн. Ал мурда бир канча жолу соттолуп чыккан Т.Д. аттуу жаран болгон. Андан кийин башка да мүчөлөрү кармалган. Алар 1972-жылы туулган И.К.1992-жылы туулган Н.Ж.. Алардын жашаган үйүн тинтүүгө алганда 1 килограмм 300 грамм баңгизат табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.