Кыргызстандык спортчу Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча 4-орунду ээледи
Кыргызстандык Станислав Карнаухов өспүрүмдөр арасындагы Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча 4-орунду алды. Мелдеш Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жатат. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай,
22-августта мекендешибиз 50 метр аралыкты 24,03 секундда сүзүп өттү. Жеңүүчүдөн 0,94 секунд кечирээк келди. Мындан сырткары Карнаухов жарым финалда 100 метр аралыкка жарышып, анда биринчи орунду багынтты (52,14 секунд).