Балыкчы-Корумду жолунда мас абалында унаа башкарган айдоочу жеңил унаанын артынан келип сүзүп салган

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Корумду унаа жолунда мас абалында унаа башкарган айдоочу жеңил унаанын артынан келип сүзүп салган. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-февралда болгон.

"Мерседес-Бенц унаасын мас абалда айдоочу башкарып бара жаткан. Ал алдыда келе жаткан Ауди унаасын сүзүп токтогон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Териштирүү иштери жүрүп, мас абалда унаа башкарган айдоочуга айып салынды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан