Баткен облусунун Самаркандек айылында арпа уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Самаркандек айылындагы базарда 48 жаштагы тургунга тиешелүү болгон контейнерден түн ичинде белгисиз адамдар 1 тоннадан ашык арпасын уурдап кеткен. Бул факты Баткен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Самаркандек айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, ошол эле айылдын 26 жаштагы 2 тургуну жана 22 жаштагы 1 тургуну кармалган. Ал эми келтирилген чыгымдар жабырлануучуга кайтарылып берилген.