Кыргыз өлкөсүндө франциялык актёр Жерар Депардьенин катышуусунда тасма тартылат

Франциялык белгилүү актёр Жерар Депардье тартыла турган тасма Кыргыз өлкөсүндө уланмакчы. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"24-февраль күнү маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Словакиядан келген "Лека продакшн" студиясынын продюсери Андрей Лека жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда продюсер хорватиялык режиссёр Лордан Зафрановичтин "Адамдын жүзү" ("Лицо человека") деген тарыхый тасмасын Кыргыз өлкөсүндө тартуу боюнча сунушун киргизди. Тасманын негизги каарманы мамлекеттик, саясий-коомдук ишмер Александр Дубчек болмокчу. Анын балалык кези Фрунзе шаарында өткөндүктөн, тасманын айрым бөлүктөрүн өлкөбүздө тартмай болуп жатышат. Тасмага белгилүү актёр Жерар Депардье тартылуусу күтүлүп жатат. Тасма 2021-жылдын экинчи жарымында тартылып, 2022-жылы Дубчектин 100 жылдык мааракесинин урматына дүйнөлүк премьерасы өтмөкчү", - дейт басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
satyke
2020-02-25 18:32:06
Бир гана Александр Дубчек жонундо эмес бут "Интергельпо" кооперативин тузгон чех,словак,венгер адистеринин Кыргыз онор жайын онуктурууго кошкон салымдары тууралу кино тартуу керек. Жаш балдары ысык климатда дизентериядан олсо дагы кетбей бир канча цехтерди куруп,адистерди даярдагандыгы тууралуу азыркы муунга жеткируу керек.Болбосо орустар биз кылганбыз деп кокурокторун кагышат.Марачек,Готвальд,Бондаренко,Фучик ж.б тууралу кенири тарихий фильм тартылышы керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан