Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Өкмөткө карата сын-пикирлер ар дайым эле айтыла берет". КҮНСОБОЛ

22-февралда "Ата Мекен" партиясынын жыйыны Бишкек шаарында өттү. Анда партиянын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү сынга алды. Ал экономиканын өсүшү басаңдап, түз инвестиция өлкөгө келбей калганын билдирген. Өкмөттү "бечел, шалтурук" деп атаган. Буга жооп кылып, өкмөттүн басма сөз катчысы Текебаевдин сыны жакындаган шайлоого байланыштуу деген билдирүү таратты.

SUPER.KG порталы "Текебаев өкмөт чабал болуп жатат десе, өкмөт Текебаевдин сынын шайлоо жакындап калганына байланыштуу деди. Өкмөт чабал болуп жатат деген сын шайлоого гана байланыштуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров өкмөткө карата сын-пикирлер ар дайым эле айтылып турарын белгиледи.

"Бул жерде өкмөт боюнча буга чейин, азыр, мындан кийин деле сын-пикирлер айтылат. Аткаруу бийлиги болгондон кийин жумушунда кемчиликтер, жетишкендиктер болот. Бул жалпы айтыла турган сөздөрдүн бири. Ал эми конкреттүү кайсы тармак боюнча чабал болуп жаткандыгын так билбейм. Өкмөт, парламент деле сындалып жатат. Бул мындайча айтканда мыйзам ченемдүү көрүнүш, бул биз үчүн жаңылык эмес. Өкмөт аракетин кылууда. Парламенттик-президенттик башкаруу бийлигине өткөндөн кийин мындай стабилдүү өкмөт болгон эмес. Бирок ичинде жаңылануу болуп жатат. 80 пайыздан ашык жаңылануу болду. Кайсы бир тармакты тарта албаган министр болсо, аны алмаштырып ордуна башка адам дайындалууда. Тоо-кен тармагы, энергетика тармагы боюнча жакшы жумуштар бар. Өкмөткө айтылган сын ар дайым болуп турчу нерсе", - дейт Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан