Жалал-Абадда атайын медициналык жайда дарыланып жаткан келин өзүнө бычак сайып жиберди

Жалал-Абаддагы психо-наркологиялык жайда жаткан 27 жаштагы келин өзүнө бычак сайып жиберди. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы бул фактыны ырастап, окуя тууралуу мындай дейт.

"Нөөмөт бөлүмгө аталган жайдан билдирүү келип түшкөн. Анда 1992-жылы туулган келин өзүнө бычак сайып алгандыгы айтылган. Жерине милиция кызматкерлери барып, келин палатада жатканда ич жагына бычак сайып жибергенин аныкташкан. Сурак учурунда келин баласын сагынганынан улам мындай кадамга барганын айтып көрсөтмө берген. Келиндин айтуусунда, бычак сайып жиберсе медициналык жайдан чыгарат деп ойлогон.

Учурда ал дарылануусун улантып жатат. Келиндин апасы эч кимге арыз-доосу жок экенин билдирди", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Келин психо-наркологиялык жайга ушул жылдын январь айынын ортосунда келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан