Депутат Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерден парламентке өтүү үчүн босоголук чектин 9 пайыз болгону боюнча пикирлерин сурады

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерден парламентке өтүү үчүн босоголук чектин 9 пайыз болгону боюнча пикирлерин сурады.

Талапкер Мээргүл Борбукеева: "Конституциялык палатанын судьялары мыйзамдын чеги Конституцияга ылайык келеби же келбейби деп карайт да. Мыйзам бизге келип калышы мүмкүн, бул боюнча оюбузду айта албайбыз", - деди.

Калган талапкерлер Борбукееванын пикирин колдой турганын айтышты.

Учурда парламент жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына сунушталган Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Борбукееванын, Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан