Парламентте Конституциялык палатада кворум жок экени айтылды. Бул тууралуу Конституциялык палатанын судьялыгына талапкер Мукамбет Касымалиев депутат Эльвира Сурабалдиеванын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Азыркы учурда Конституциялык палатада кворум жок. Ал жакта 7 адам бар, бир кворум жетишпейт", - деди Касымалиев.
Учурда парламент жыйынында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына сунушталган Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Борбукееванын, Латип Жумабаевдин талапкерлиги каралып жатат.