Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында президент тарабынан сунушталган талапкерлер Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Борбукеева, Латип Жумабаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайланышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Алар ант беришти.
Талапкерлерди депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлердин билими менен тажрыйбасы жетиштүү экенин, алар бул кызматка татыктуу экенин иш жүзүндө көрсөтө алышканын, ошондон улам мамлекет башчысы аларга ишеним көрсөтүп жатканын белгиледи.