"Өзүм аткарган ырды укканда апамды эстеп ыйлап алам" дейт "Супер хитке" чыгармасы кошулган Динара Тилекеева

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Динара Тилекееванын "Апакем" аталышындагы клиби кошулду. Чыгарманын сөзүн Нуркыз Рыскул кызы, обонун төкмө акын Баян Акматов жазган.

"Чыгарманын текстин Фейсбуктагы баракчадан окуп, аябай жактырып калдым. Ырдын авторуна кайрылып, аткарып чыгайын деген оюмду айтсам ал макул болуп, бул ырга бир нече обон жазылганын айтты. Обондордун ичинен Баян Акматовдуку жагып, андан уруксат алдым. "Апакем" деген ырды аткарганда, кээде укканда апамды эстеп ыйлап алам.

Негизи чыгармага клипти жазында тартмакпыз. Бирок чыдамым кетип студиянын ичинде деле тартыла берсин дедим. Клипке апам жана бир тууган агамдын кызы тартылды", - дейт ал.

19-ФЕВРАЛДАН 26-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Добрдын "Эр жигиттер" видеоклиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" аталышындагы чыгармасы жайгашты.

8-орунду - Айдана Деканын "Сезим менен" аталышындагы чыгармасы камсыздады.

7-орун - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" видеокомпозициясына буюрду.

6-орунду - Айганыш Абдиеванын "Өтөр, кетер" клиби багындырды.

5-орун - Айгерим Расул кызынын "Тумарым" чыгармасына буюрду.

4-орунду - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы ээледи.

3-орун - Үмүтай Абдышованын "Жүрөктө сүйүү боздойт" чыгармасына буюруп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" видеоклиби багындырды.

1-орун - Тизмеге жаңыдан кошулган Тотомидин Жолдошов менен Сурманын "Эгиздердин арманы" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан