Бишкекте мурда соттолгон жаран унаа уурдоого шектелип кармалды

Бишкекте мурда соттолгон жаран унаа уурдоого шектелип кармалды. Маалыматты Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

7-февралда Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылып, унаасын уурдап кеткен жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Окуя 7-февраль күнү таңкы саат 05:30 чамасында Арча-Бешик конушунда орун алып, белгисиз жаран Дэу Нексия унаасын айдап качып кеткен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене (авто жана мото транспортторун айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө шектүү делинип 1987-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда уурулук менен соттолгону аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө уурдалган унаа Жал кичи районунан табылып, ээсине кайтарылды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди мекеменин басма сөз катчысы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан