Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Ырчынын жубайы АКШдагы төрөтканалардын биринде көз жарды.
Мээрим Төлепберген бүгүн, 26-февралда кыз төрөгөнүн Мирбек Атабеков ырастады. Ырчы мырза кызына Сүйүү деген ысым ыйгарганын белгиледи.
Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2015-жылы Адам деген уулдуу болушкан. 2018-жылдын апрель айында жубайлар кыздуу болушуп, ага Ыйман деген ысым коюшкан.