Депутат сот системи мурун көчөдө турган МАИ кызматкерлеринин деңгээлине түшүп калганын айтты

Депутат Мирлан Жээнчороев сот системи мурун көчөдө турган МАИ кызматкерлеринин деңгээлине түшүп калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыркы изилдөөлөр болду сот системи мурун көчөдө турган МАИ кызматкерлеринин деңгээлине түшүп калды. Силерге болгон ишеним ошого жетип калды. Ишеничти көтөрүү керек. Силерге эл ишенбейт", - деди депутат.

Жогорку Кеңеште учурда "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан