Бишкекте унаа токтотуучу жайдан эки прицеп жана бочка уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январда Октябрь РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 2019-жылдан 25-декабрынан 2020-жылдын 28-январь аралыгында белгисиз жаран Анкара жана Ауэзов көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайдан эки прицеп жана бочканы уурдап, металл алган жерге өткөрүп салган. Жалпы чыгым 250 миң сомду түзгөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу бул ишке шектүү катары 1982-жылы туулган Е.Э. аттуу жаранды кармашкан. Ал тергөө бөлүмүнө алып келинип, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Териштирүү иштери уланууда.