Депутат: "Жайында Чүй облусунун дыйкандары сугат суусу берилбей жатканын айтып кайрылышат"

"Жайында Чүй облусунун дыйкандары сугат суусу берилбей жатканын айтып кайрылышат" деп бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Жайында сугат суу маселеси боюнча дыйкандар телефон чалып жатышат. Кээ бир дыйкандага суу берилип, айрымдарга берилбей жатканын айтышат. Кимдерге суу берилип , кимдерге берилбей жатканын каттап, бул тармакты санариптештирсе болбойбу?" - деп сурады депутат.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов былтыр суу аз болуп, ушундай маселе жаралганын айтты. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул тармакты санарипке өткөрүү маселесин карап жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан