Ош ОИИБинин кызматкерлери ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө ишкерден опузалап талап кылгандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айында Ош ОИИБине ишкерлик менен алектенген жаран кайрылып, опузалап талап кылуу жана анын мүлкүн ээлеп алуу фактылары боюнча билдирген.
"2020-жылдын февраль айынын башында кебетеси азиялык болгон бир нече адамдар Ош шаарындагы кичи райондордун биринен коркутуп Opel үлгүсүндөгү автоунааны өздөрүнө мажбурлап жаздырып, ишкердин автоунаасын ээлеп алышкан. Бир нече күндөн кийин ошол эле адамдар 3 миң доллардан ашык акча каражатын тартып алышып, андан дагы ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан. Алар талап кылган акча каражатынын жалпы суммасы 13 миң долларды түзгөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган кылмыш ишин уюшкан кылмыштуу топ жасагандыгы боюнча белгилери бар болгондуктан, ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган. Шектүүлөрдүн бири 2 миң 800 долларын алып жаткан жеринен мурда бир нече жолу соттолгон Кара-суу районунун 1973-жылы туулган тургуну Р.З. кармалган. Ал эми экинчи шектүү Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну И.М. жабырлануучудан тартып алган Opel үлгүсүндөгү унаасын айдап жүргөн жеринен кармалган. Ош ОИИБинин маалыматы боюнча, кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда. Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.