Сүлүктү шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү

21-23-февраль күндөрү Сүлүктү шаарынын Мухамед Ибрагимов атындагы спорт комплексинде өспүрүмдөр арасындагы III эл аралык грек-рим күрөшү боюнча Сүлүктү шаарынын мэринин Кубогу өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке Тажикстан, Өзбекстан жана жети дубандан спортчулар келип, жалпысынан 500дөн ашуун балбандар катышты. Жыйынтыгында командалык эсепте Сүлүктү шаары 1-орунду, Өзбекстан 2-орунду, ал эми Жалал-Абад шаары 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө шаар мэринин Кубогу, медаль, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Мелдеш "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" жана "Чылымсыз спорт" ураанынын астында өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан