Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-февралда өлкө башчы эки күндүк иш сапары менен Орусиянын Москва шаарына учуп кеткен.
"Мамлекет башчысынын иш сапары Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Анда Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди. Иш-чарага Кыргыз өлкөсүнүн расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз-Орусия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланмакчы. Ошондой эле эки мамлекеттин башчылары Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы жана Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.