Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.
Анда депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору алгач Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет карап чыгышы керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети каралышы керектигин, юристтер жана өздөрү карап чыкканын билдирди.
Бекешев мыйзам долбоору 31-декабрда коомдук талкууга коюлганын белгиледи. "20-февралда өкмөт корутунду чыгарып, бүгүн Жогорку Кеңеште бул мыйзам долбоору каралып жатат. Бул жерде кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы болушу мүмкүн", - деди Бекешев.
Депутат Тазабек Икрамов мыйзам долбоору тийиштүү комитетте каралганын эскертти. "Ызы-чуунун бардыгы комитетте каралган. Бул жерде анча-мынча кесиптештер төрага жакка сөздөрдү айткандан бир аз абайласаңыздар. Кимдин канчалык кызыкчылыгы бар, ким кимдин тарабын коргоп жатканын эл жакшы билет", - дейт Икрамов.