Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарында Владимир Путин менен жолугушту. Анда мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-орус мамилелеринин өнүгүүсүнүн актуалдуу багыттары менен келечегин талкуулашты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президентин жылуу кабыл алды. Эки өлкөнүн башчылары 2019-жылы макулдашылган Кыргыз жергеси менен Орусиянын эриш-аркак жылын Москвада салтанаттуу түрдө ача тургандыгын канааттануу менен белгиледи.

Эриш-аркак жылынын алкагында мерчемделген 200дөн ашуун иш-чаралар дээрлик бардык багыттар боюнча өнүгүп келе жаткан эки тараптуу мамилелерге пайда алып келерине ишенимин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Владимир Путин товар жүгүртүүнүн көлөмү, инвестициялар боюнча Орусия-Кыргыз өлкөсүнүн маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин билдирип, өлкөлөр ортосундагы ырааттуу жолугушуулар жогорку деңгээлде экендигин өзгөчө белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу кыйла активдешкенине токтолду.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана региондор ортосундагы түз байланыштардын жакшырганын канааттануу менен белгиледи. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун дээрлик бардык маселелери боюнча Владимир Путиндин жеке колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Кыргыз өлкөсү кылымдардан бери келаткан тарыхый достук мамилелерди жогору баалай тургандыгын айтты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков эриш-аркак жылынын алкагында өз ара мамилелердин саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрүндө бир топ иш-чаралар ишке ашырыла турганын билдирди.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоонун алкагында биргелешкен ири иш-чараларды өткөрүүгө чоң көңүл бурула тургандыгын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн биргеликте кызматташуусун мындан ары дагы арбытууга жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан