Милиция кызматкерлерин коркуткан. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды (видео)

Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган "Чач" каймана аты менен белгилүү шектүүнү кармады.

26-февраль күнү шаардык милициянын кылмыштуулук менен каршы күрөшүү бөлүмү "мыйзамсыз баңгизатын сатуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишинде шектүү катары 1988-жылы туулган М.Э. аттуу жаранды кармашты. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Аны кармоо учурунда Тойота Камри унаасынан ок атуучу курал табылган. Шектүү Бишкек ШИИББине алып келинген соң ал милиция кызматкерлерине каршы күч колдонууга жана аларды коркутууга аракет кылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Бишкек ШИИББи башка дагы кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштерин улантууда.

"Чач" каймана аты менен белгилүү жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан