2019-жылдын октябрь айында Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине 19 жаштагы кыз арыз менен кайрылган. Арызда өзүнүн эжесинин күйөөсү ушул жылдын май айынан бери зордуктап келгени жазылган.
Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыз зордукталбаганы аныкталган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Териштирүү ишинде арыз жазган 19 жаштагы кыз тосмо арыз жазып, бул ишти өндүрүштөн кыскартууну өтүнгөн. Ал эч кимге доосу жок экенин кошумчалаган. Мындан улам Аламүдүн РИИБинде каралып жаткан иш өндүрүштөн кыскартылган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.