Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Ачык өкмөт" улуттук форумдун жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алтынай Өмүрбекова айрым министрликтердин жана мекемелердин планга кирген пункттардын мөөнөтүндө аткарылбаганы жөнүндө айтып, ар бир мамлекеттик органга тийиштүү милдеттер жүктөлгөнүн белгиледи. Милдеттерди аткарбаган жооптуу адамдарга карата тийиштүү чараларды кабыл алуу мезгили келгенин кошумчалады. Алтынай Өмүрбекова коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик органдар айрым иш-чаралардын аткарылбай калышынын себептерине кылдат талдоо жүргүзүүлөрү керектигин айтты.
"Ачык өкмөттүн" бардык пункттарын жүзөгө ашыруу бардык бийлик бутактарынын ишине коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү шарттайт", - деди Алтынай Өмүрбекова.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жунусов "Ачык өкмөттүн" катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалганы айтылды.