Каныбек Осмоналиев 2-мартта Садыр Жапаровду колдоо митинги кыйыр кайрылууларга карабай өтө турганын айтты

Садыр Жапаровду колдоо митинги 2-мартта саат 13:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына экс-депутат Каныбек Осмоналиев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери Аламүдүн, Кой-Таш жана Чүй облусунун тургундарын массалык түрдө райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип, 2-март күнү боло турган митингге чыкпагыла деп суранып жатканын жазып чыккан.

"Эртеден бери бул тууралуу биздин тарапташтар чалып айтып жатышат. Мен 2-мартта митингдин модератору болом. Ошон үчүн мага чалып жатышат. Аларга бул конституциялык норма экенин айтып жатам. Тынчтык митингин өткөрүүгө толук укугубуз бар. Бул жерде биздин өлкөнүн саясий лидерлеринин эч кандай тиешеси жок. Бул укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин чиновниктеринин аракети. Жакшы көрүнүп калалы деп жагынып жатышканын түшүнүп жатам. 2-мартта Садыр Жапаровго ырайым кылуу өтүнүчү менен тынч митинг өткөрөлү деп жатабыз. Митинг 1-2 саатка эле уланат", - дейт Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан