Жалал-Абад ОИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында "алдамчылык" фактылары боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Жалал-Абад шаарынын аймагындагы күрөөканаларды иштеткен ишкерлердин ишеничине кирип, акча алып ушул күнгө чейин бербей жүргөн жарандын үстүнөн арыз түшкөн. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Өндүрүш ишинин алкагында, жабырлануучулар шектүүдөн акчаны кайтарып берүүсүн талап кылып, байланышкан учурда ал өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнөн экендигин билдирип, коркутканга чейин баргандыгы аныкталган. Тергөө кызматы мурда бир нече жолу соттолгон, 2017-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармады", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 10 жарандын үстүнөн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Шектүүнү көрүп, билгендер жана андан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБине же төмөндөгү номерге чалып коюну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0776 03-63-28.