Чүй облусунун Кемин районундагы автобекетте жарандарды жасалма тапанча менен коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
24-февралда Кемин РИИБине автобекетте белгисиз жаран мас абалында адамдарды курал менен коркутуп жатат деген билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, коркунуч жараткан жаранды кармашкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран Талас облусунун 27 жаштагы К.Б. аттуу тургуну экени аныкталды. Иликтөө иштеринин алкагында кармалган жаран алкоголдук ичимдик ичип алып, металлдан жасалган (колго жасалган) тапанча менен элди коркутуп, сөгүнүп, коомдук тартипти бузганы такталды. Шектүү Орловка шаарындагы айылдардын биринде темир уста болуп иштей турганы белгилүү болду.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда", - деп жазылат маалыматта.