"Элдик кабар" бөлүмүнө келген кабар боюнча Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кенен маалымат беришти.
"Бүгүн, 29-февраль күнү болжол менен саат 07:55 чамасында Жибек Жолу менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде Зил 31 үлгүсүндөгү КамАЗ менен Део колос үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан жабыркагандар жок. Азыркы учурда Милициянын кайгуул кызматы окуя болгон жерде иш алып барып жатышат", - деп билдиришти аталган бөлүмдүн кызматынан.